Социалдык жактан маанилүү товарларга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы тууралуу
18.10.2024Талас шаарында көмүр баасына мониторинг жүргүзүлдү.
18.10.20242024-жылдын 14-15-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана
коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу
кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн кызматкерлери райондук
мамлекеттик администрациялардын жана шаардык мэриялардын өкүлдөрү менен
биргеликте көмүр сатуучу пункттардагы, Ысык-Көл облусунун аймактарына
ташылып кетүүчү көмүр дүң кампаларындагы (Балыкчы шаары) баалар боюнча
мониторинг жүргүзүштү. Мониторинг жана түшүндүрүү иштери Жети-Өгүз, Тоң,
Ысык-Көл, Түп райондорунда, ошондой эле Балыкчы жана Чолпон-Ата
шаарларында жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө белгиленген чекене баадан ашкан баада көмүр
сатуу фактылары жок экендиги аныкталган. Ошону менен бирге, көмүр
сатуучуларга белгиленген бааларды сактоо, көмүрдүн баасынын негизсиз
көтөрүлүшүнө жол бербөө, баалар тууралуу маалыматты керектөөчүлөргө
көрүнүктүү жерге жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын
“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын башка талаптарын
сактоо боюнча маалымат берилди.
Ушул эле учурда Балыкчы шаарында базарда сатылып жаткан социалдык
маанидеги товарлардын, анын ичинде уй жана кой этинин баасына мониторинг
жүргүзүлдү. Белгилей кетсек, Балыкчы шаарынын эт базарында Каракол шаарына
караганда бир аз кымбатыраак, анткени эт Нарын жана Чүй облустарынан,
ошондой эле Каракол шаарынан да жеткирилет.

