Ысык- Көл облустук бөлүмүнүн кызматкерлери облустун аймагында көмүр сатуучу жайларда мониторинг жүргүздү
18.10.2024Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Түп районундагы тейлөө аймактарында POS-терминалдарды орнотуу зарылдыгы боюнча биргелешкен мониторинг жүргүзүштү
22.10.20242024-жылдын 17-октябрында Аба-ырайынын кескин төмөндөшүнө байланыштуу,
көмүрдүн баасынын спикулятивдүү жогорулоосун алдын алуу максатында – Кыргыз
Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга
каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Талас
шаарында жана Талас районунда жайгашкан көмүр отуну сатылуучу жайларга
мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө көмүрдүн максималдуу деңгээлин белгилөө
жөнүндөгү буйрук боюнча маалымат берилип, бааны көтөрбөө боюнча түшүндүрүү
иштери жүргүзүлдү. Андан сырткары КР “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө”
мыйзамынын талаптарын сактоо менен баасын илүү керектиги түшүндүрүлдү.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция
министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук
бөлүмү 2024-жылдын 12-сентябрында №8 сандуу “Талас облусу боюнча көмүрдүн
бааларынын максималдуу бааларын белгилөө жөнүндө” – буйругу кабыл алынган.
Аталган буйрукта Талас облусунун аймагында калкка сатылуучу көмүрдүн чекене
баалары Талас шаары жана Талас району боюнча төмөндөгүдөй бекитилген .
Талас шаары:
Жергиликтүү көмүр- 1 кг 6,7 сомдон -7,2 сомго чейин;
Импорттук көмүр- 1 кг 9,4 сомдон – 9,9 сомго чейин.
Талас району:
Жергиликтүү көмүр- 1 кг 6,7 сомдон -7,2 сомго чейин;
Импорттук көмүр- 1 кг 9,6 сомдон – 10,1 сомго чейин.

