Нарын облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан соода дүкөндөрүндө жана базарлардагы соода түйүндөрүндө мониторинг түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
11.10.2024Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн адистери тарабынан, 2024-жылдын 11-октябрында, социалдык жактан маанилүү болгон товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүлдү
14.10.20248-октябрь 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын аянтчасында “Кыргыз темир жолу”УК” МИнин жетекчилиги менен жумушчу кеңешме өттү.
Кеңешмеде “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык табигый монополия чөйрөсүнө тиешелүү темир жол менен жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча учурдагы кырдаал талкууланды.
2024-жылдын август айында Бишкек-Балыкчы темир жол багыты боюнча вип купе категориясындагы вагондордо жүргүнчүлөрдүн жүрүүсүнүн алыстыгына карабастан, баасы 6000 сом/купе болгон ички республикалык каттамдагы жүргүнчү поезддеринин курамында жүргүнчүлөрдүн өтүүсүнүн атайын (белгиленген) тарифи макулдашылгандыгы белгиленди. Бул макулдашуулар калк арасында темир жол аркылуу жүргүнчүлөрдү ташууну кеңири жайылтууда маанилүү ролду ойноду, бул Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүгө жагымдуу таасирин тийгизүүдө.
Азыркы учурда “Кыргыз темир жолу” УК МИ “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууга активдүү катышууда. Тараптар долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин биргелешип иштеп чыгууну 2023-жыл ортосунда аякташты, анын натыйжалары боюнча бул темир жол магистралын куруунун техникалык жактан максатка жана экономикалык максатка ылайыктуулугу тастыкталды. Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун жалпы узундугу 311,75 км түзөт, каттам Торугарт-Арпа-Кош-Дөбө-Макмал-Жалал-Абад аркылуу өтөт.
Белгилей кетсек, “Кыргыз темир жолу” УК мамлекеттик ишканасы Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулушун каржылайт. Кыргыз темир жолу таза кирешесинин 50 пайызын Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулушуна жумшайт. Курулуш “Кыргыз темир жолу” УК МИнин өздүк каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө. Курулуш иштери 2024-жылдын 31-мартында башталган. Учурда жер тилкесин куруу иштери 40,4 км 63,5 км жүрүп жатат. Темир жолдун курулушу келерки жылы аяктайт.
Жолугушуунун жыйынтыгында монополияга каршы мыйзамдардын алкагында мындан аркы иш алып баруу тууралуу макулдашуу ишке ашырылды.


