Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы«Human» диагностическалык лаборатория ЖЧКга Кыргыз Республикасынын «Жарнама жөнүндө» мыйзамын бузгандыгы үчүнайып пул салынды
11.10.2024Нарын облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан соода дүкөндөрүндө жана базарлардагы соода түйүндөрүндө мониторинг түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
11.10.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери 2024-жылдын 9-октябрында Чүй облусунун Панфилов, Жайыл райондорунда жана Кара-Балта шаарында көмүргө болгон белгиленген максималдуу чекене бааларга мониторинг жүргүзүштү.
Мониторинг учурунда көмүргө болгон белгиленген максималдуу чекене бааларды туура сактоо, таразаны камсыз кылуу жана көмүрдүн бааларын керектөөчүлөр үчүн көрүнүктүү жерлерге жайгаштыруу боюнча түшүндүрүү жүргүзүлдү.
Көмүрдүн баалары белгиленген максималдуу чекене баалардан ашык саткан учурлардан катталган жок.
2024-жылдын 9-октябрына карата жогорудагы район шаарларда жергиликтүү көмүр төмөнкү бааларда сатылып жатат:
Панфилов району – жергиликтүү көмүр 5900,0 – 6000,0 сом/тонна;
Импорт көмүрү (Шабыркуль) – 6300,0 сом/тонна.
Жайыл району – жеригиликтүү көмүр 6000,0 – 6300,0 сом/тонна;
Кара-балта шаары – жергиликтүү көмүр -6000,0 – 6300,0 сом/тонна.
Импорт көмүрү (Шабыркуль, Каражыра) – 6300,0 сом/тонна.
“Кыргызкөмүр” МИ отун базасы, Жайыл району – 5500,0 сом/тонна.
Чүй облустук бөлүмү тарабынан Чүй облусунун башка район жана шаарларында көмүрго болгон белгиленген максималдуу чекене бааларга мониторинг жүргүзүү улантылат.


