Талас облусунун Айтматов районунда керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча ири соода түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүлдү
05.09.20245-сентябрь Ош облустук бөлүмү тарабынан, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурулган жыйын өткөрүлдү
06.09.2024Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин биринчи орун басары А.Касымалиевдин 2024-жылдын 4-апрелиндеги №15718 сандуу тапшырмасынын негизинде,Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын,2024-жылдын 30-майындагы №01-4/87 сандуу катына, “2024-жылдын 2-жарым жылдыгында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо үчүн, банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды, QR коддорду колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алууга арналган жабдууларды орнотуу, төлөм терминалдары жана/же башка инструменттер уюштуруулары болуусун көзөмөлдөө”.
Ошого байланыштуу 2024-жылдын 05-сентябрь күнү, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын Ош башкармалыгынын кызматкерлери жана Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте, Ош шаарынын Масалиева жана Зайнабетдинова көчөлөрүндө жайгашкан 25 соода түйүндөрүнө мониторинг жүргүздү.
Мониторингдин жүрүшүндө накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн жабдуулары жок соода түйүндөрүнүн сатуучуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.





