
Үч-Коргон токой чарбасы тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын баа прейскуранты макулдашылды
16.07.2024
Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2024/2025-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө
17.07.2024Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы №869 “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун 1-2-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгынын жана Мамлекеттик салык кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууларды камсыз кылуу боюнча Ош облусунун Ноокат районундагы соода тейлөө жайларына мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө банктык төлөм карталарын, электрондук акчаны, эки өлчөмдүү штрихкод символун (QR-код) пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуулары үчүн арналган жабдуулары жок экендиги аныкталып, 6 жазма эскертүү берилди.







