КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТОВАРДЫК РЫНОКТОРУНДАГЫ АТААНДАШТЫКТЫН АБАЛЫ ЖАНА АЛАР ҮЧҮН АТААНДАШТЫК ЭРЕЖЕЛЕРИНИН БУЗУЛУШУНА БӨГӨТ КОЮУ БОЮНЧА КӨРҮЛГӨН ЧАРАЛАР ЖӨНҮНДӨ 2023-ЖЫЛДЫК ОТЧЕТ
26.06.2024Ош шаарында Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын бузгандыгы үчүн “Улук Ата” кафесине айып пул салынды
26.06.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы (мындан ары -Кызмат) “Кыргызтелеком” ААК «телефондук канализациясынан пайдаланууга үчүнчү жактарга орун берүү»кызматынын колдонулуп жаткан тарифин жогорулатууну демилгелеп жаткандыгын билдирет.
Колдонулуп жаткан тариф 2019-жылы бекитилген.
Эсептик материалдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы №83 токтому менен бекитилген мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө Жобого ылайык каралып чыкты.
Кароонун жыйынтыгы боюнча төмөндө көрсөтүлгөн тариф деңгээли коомдук талкулоо үчүн чыгарылат.
Колдонулуп жана сунушталып жаткан тарифтердин деңгээлинин салыштырма таблицасы:
| Кызматтын аталышы | Колдонулган тариф (сом кан/км) | Долбоордук тариф (сом кан/км) |
| Телефондук канализациясынан пайдаланууга үчүнчү жактарга орун берүү | 616,0 | 818,0 |
Коомдук талкуулоонун датасы жана орду жөнүндө маалымат Кызмат тарабынан расмий сайтка кошумча жайгаштырылат.


