Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын тарифтеринин прейскуранты макулдашылды. 22.04.2024
22.05.2024Кызматтын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2024-жылдын 2-чейрегиндеги пландуу текшерүүнүн алкагында Ош облусу боюнча кызматтын иш-аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна Кыргыз Республикасынын “Керетөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндөгү” Мыйзамынын талаптарынын сакталуусун көзөмөлдөө боюнча мониторинг жүргүзүлдү. Мониторинг төмөндөгү багыттарды камтыды:
1. Иштөө режиминин, прейскуранттардын илиниши;
2. Накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдуулар (программалык-техникалык түзүлүштүн) менен камсыз болуусу;
3. Калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты;
4. Керектөөчүлөрдүн кайрылуулары боюнча жүрүгүзүлгөн иш-чаралар ж.б.
Жогорудагы төрт багыт боюнча жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө аталган мекеменин жамааты менен жыйын өткөрүлүп, түшүнүдүрүү иштери жүргүзүлдү.




