
Чүй облусунун аймагындагы чийки сүттү сатып алуу баасы боюнча сүттү кайра иштетүүчү ишканалар менен жолугушуу өткөрүлдү
11.05.2024
Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери ишембиликке толук катышышты
13.05.2024Бүгүн 2024-жылдын 11-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүчүлүгүндө сүттү кайра иштетүүчү ишканаларынын, чийки сүттү өткөзүүчүлөрдүн коомдук бирикмесинин, улуттук коопсуздук кызматынын жана монополияга каршы органынын өкүлдөрүрүнүн катышуусунда жыйын өттү.
Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2024-жылдын 14-мартындагы №1950-VII сандуу “Сүттүн сатып алуу баасын жөнгө салуу жөнүндө” токтомуна карата ишканалардын жана сүт сатуучулардын көптөгөн пикирлер жана ой бөлүшүүлөр болду.
Азыркы учурда чийки сүттүн көлөмү көбөйүп жаткандыгы менен майлуулугу төмөндөп жаткандыгы тууралуу ишкерлер тарабынан түшүндүрмө берилип, сүттүн сатып алуу баалары да бир аз төмөндөгөнүн билдиришти, ири көлөмдөгү сүттү кайра иштетүү жана даяр продукцияны экспортто жагы кыйынчылыктарга дуушар кылууда экенин ишкерлер айтса, чийки сүттү сатуучулар сүттүн баасы аябай эле төмөн баада өткөрүлүп жаткандыгына нааразычылыгын билдиришти.
Жыйындын алкагында көйгөйлөр менен ошол эле убакытта бир нече сунуштар айтылды.



