
Кара-Суу районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына жана Кара-Суу райондук аймактык ооруканасына мониторинг жүргүзүлдү
18.04.2024
Каракол шаарынын соода түйүндөрүндө,тигүү цехтеринде жана сулуулук салондорунда мониторинг жүргүзүлдү
23.04.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрайымынын орун басары А.А.Мамыралиевдин жетекчилигинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2024-жылдын 14-мартындагы “Сүттүн сатып алуу баасын жөнгө салуу жөнүндө” №1950-VII токтомун аткаруу максатында Чүй облусунун аймагындагы сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушууга “Белая река”, “Жайыл милк”, “Үмүт и Ко” жоопкерчилиги чектелген коомдорунун жана “Ак-Сүт” ачык акционердик комунун жетекчилери катышты.
Жолугушуу төмөнкү багыттарда жүргүзүлдү:
- Чийки сүттү сатып алуу баасын карап чыгуу боюнча:
- Чийки сүттүн баасы кымбаттаган учурда, даяр продукциянын баасына болгон таасири боюнча;
- Сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын даяр продукцияларынын өздүк наркынын түзүлүшү боюнча;
- Чийки сүттү алуучу ортомчулар менен ишканалардын ортосундагы иш аракеттер боюнча.
Жогорудагы маселелерди кароодо ишканалардын жетекчилеринин маалыматтары угулду, КРнын ЖКнин токтомун аткарууда ишканалар үчүн кандай өзгөрүүлөр жана себебтери талкууланды.




