
Талас облусунун Талас шаарында жана Талас районунда керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мониторинг жүргүзүлдү
16.04.2024“Интелмед” ЖЧКсынын (Бонецк лабораториялары) билдирүүсүнө карата төмөнкүлөрдү белгилейбиз.
17.04.2024Ош шаары боюнча бөлүмдүн кызматкерлери накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууларды камсыз кылуу боюнча иш чараларын жүргүзүү боюнча мониторинги уланууда. Тагырагы 2024-жылдын 15-16-аперль күндөрү:
1. Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борбору;
2. Кыргыз Республикасынын Жер ресурстары кызматынын Ош филиалы;
3. Ош шаардык калкты тейлөө борборуна (инфоком) жүргүзүлдү.
Мониторингдин журушундө Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борбору жана Кыргыз Республикасынын Жер ресурстары кызматынын Ош филиалында банктык төлөм карталарын кабыл алуу үчүн арналган жабдуу POS-терминалдар бар экендиги аныкталды.
Ал эми Ош шаардык калкты тейлөө борборунда электрондук акчаны, эки өлчөмдүү штрихкод символун (мындан ары-QR-код) пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн арналган жабдуулары бар бирок POS-терминалдар жок экендиги аныкталды.
Жыйынтыгында Ош шаардык калкты тейлөө борборуна Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндөгү” Кодексинин 317-беренесинин 2-пунктуна ылайык 5000 сом айып пул салуу жөнүндө протокол толтурулду.





