
Ош облустук Рыспай Абдыкадыров атындагы филармонияга, Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрына жана Ош облустар аралык стоматологиялык борборуна мониторинг жүргүзүлдү
16.04.2024
Талас облусунун Талас шаарында жана Талас районунда керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мониторинг жүргүзүлдү
16.04.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмү 2024-жылдын 16-апрелинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча төмөнкү мамлекеттик мекемелерде мониторинг жүргүзүлдү:
- Чүй облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- КР МК караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Аламүдүн филиалы:
- Аламүдүн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы”
- Ысык-Ата райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Аламүдүн райондук бөлүмү.
Мониторинг төмөнкү багыттарда жүргүзүлдү:
- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары жана керектөөчүлөргө толук маалыматтардын болуусу;
- Кызмат көрсөтүүдө накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштүн) камсыз кылуу боюнча.
Мониторингтин жыйынтыгында Чүй облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, Аламүдүн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы, Ысык-Ата райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Аламүдүн райондук бөлүмүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды пайдалануу менен операцияларды жүргүзүү үчүн арналган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштү) пайдалануу менен накталай эмес формада төлөө ыкмасы толук камсыз болбогондугу аныкталды.
“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” КРнын мыйзамынын 27-беренесинин талаптары боюнча керектөөчүлөр үчүн накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдуулардын (программалык-техникалык түзүлүштүн) болуусу керек. Мониторингтин жыйынтыгы менен жогорудагы мекемелерге тийиштүү эскертүүлөр берилди.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмү тарабынан калкка кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүндө мониторинг жүргүзүү дагы улантылат.






