
Ош облустук бөлүмү тарабынан “Кызыл-Тоо-Таза-Суу” муниципалдык ишканасы тарабынан калкка берилүүчү ичүүчү суунун тарифтери каралууда
04.04.2024
Баткен шаарында жарнактар боюнча эскертмелер берилди
05.04.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмү 2024-жылдын 4апрелинде Чүй облусунун Кант шаарында жана Ысык-Ата районунун аймагында “Жарнама жөнүндө” КРнын мыйзамынын талаптарынын сакталышы боюнча мониторинг жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мониторинг учурунда көпчүлүк ишкердик субъектердин сырткы жарнамаларында мамлекеттик тилдеги тексттинин жоктугу кездешүүдө. Ишкердик субъектерге мониторингтин жыйынтыгы менен жарнама жөнүндө мыйзамынын талаптары жана мыйзам бузуу аныкталган учурда Укук бузуулар жөнүндө КРнын кодексинин негизинде айып пул каралгандыгы боюнча маалымат берүү менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмү тарабынан Чүй облусунун район жана шаарларынын аймагында “Жарнама жөнүндө” КРнын мыйзамынын негизинде мониторинг жүргүзүү дагы улантылат.





