
Кызматтын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 15-март дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата 1 айлык иш планынын негизинде Кант шаарында жайгашкан №25 пофессионалдык лицейде иш чара жүргүзүлдү
29.03.2024
Кара-Кулжа токой чарбасы тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүнүн тарифтеринин (баа) прейскуранты макулдашылды
01.04.20242024-жылдын 29-март күнү, Ош шаарынын көчөлөрүндө “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы жана “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын сакталышы жана аткарылышы боюнча мониторинг (рейд) жүргүзүлдү.
Мониторинг (рейд) Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүнөн башталып, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери, Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил комиссиясынын мүчөлөрү, муниципалдык менчик башкармалыгынын, “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Жарнама жана Мамлекеттик тил Мыйзамдарынын талаптарына жооп бербеген ээлерине бир катар эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул иш-чаранын жүрүшүндө 23 обьект камтылды (сулуулук салону, авиакасса, кафе, дүкөн ж.б.).
Ошондой эле буга чейин тиешелүү көрсөтмөлөр жана эскертүүлөр берилген, ченемдик укуктук актыларды бузган, мыйзам талабына жооп бербеген эскилиги жеткен жарнамалар алынды.
Жогорудагыдай иш-чаралар белгиленген графике ылайык шаардын башка аймактарында уланат.





