
Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери 11-март күнү Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата пландалган иш-чарага ылайык, «Азия Моторс» ЖЧКда эмгек жамаат менен жолугушуу өткөрдү
11.03.2024
Каракол шаардык мэриясында “Керектөөчү, укуктарынды бил!” темасына тегерек стол (презентация) жана К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде “Керектөөчү, укуктарынды бил!” темасына лекция (презентация) өткөрүлдү
12.03.2024“15-март бүткүл дүйнөлүк керетөөчүлөрдүн укугун коргоо” күнүнө карата иштелип чыккан бир айлык иш-чаранын алкагында Ош шаары боюнча бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарындагы Калкты тейлөө борборунда Кыргыз Республикасынын “Керетөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндөгү” Мыйзамынын талаптарынын сакталуусун көзөмөлдөө боюнча мониторинг жүргүзүлдү. Мониторинг төмөндөгү багыттарды камтыды:
1. Иштөө режиминин, прейскуранттардын илиниши;
2. Накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдуулар (программалык-техникалык түзүлүштүн) менен камсыз болуусу;
3. Калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты;
4. Керектөөчүлөрдүн кайрылуулары боюнча жүрүгүзүлгөн иш-чаралар ж.б.
Жогорудагы төрт багыт боюнча жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы менен керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароодо тийиштүү денгээлде иш жүргүзүлбөгөндүгү аныкталды.
Жыйынтыгында аталган борбордун жетекчилигине эскертме кагазы берилди.






