Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кароосунда Талас шаарынын “Таза Суу” муниципалдык ишканасынын ичүүчү суу, саркынды суу жана суу түтүктөрүнө, саркынды суу тармактарына кошулууга техникалык шарттарга кызмат көрсөтүү тарифтерин макулдашуусу каралып жатат
26.02.2024
Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери жана – “УТРК” телеканалынын журналистери менен биргеликте, Талас шаарында жайгашкан көмүр отуну сатылуучу жайларга мониторинг жүргүзүлдү
28.02.20242024-жылдын 27-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Талас шаарындагы Талас мамлекеттик университетин Технология жана экономика факультетинин имаратында, мугалимдердин жана жалпы студенттердин катышуусунда семинар өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты – университеттин мугалимдерине жана студенттерине Монополияга каршы жөнгө салуу органдын ишмердүлүгү боюнча кенен маалымат берүү.
Ачылышында алгач сөздү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн башчысы Токтогулов Б.Р. баштап, атайын даярдалган видеоролик жана презентация көрсөтүлдү. Мындан сырткары “Кыргыз Республикасынын символдору жөнүндө”, “Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” жана “Атаандаштык жөнүндө” мыйзамдарынын талаптары боюнча талкуу жүргүзүлдү. Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана мамлекеттик символдорду колдонуудагы одоно катачылыктар баса белгиленди. Ошондой эле мамлекеттик мекеме-ишканаларда орнотулган герб жана тууга жоопкерчиликтүү мамиле жасоо зарылчылыгы айтылды.
Жолугушуунун аягында студенттер менен суроо-жооптор орун алып, жыйынтыкталды.





