
Баткен аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Баткен шаарынын соода түйүндөрүнө социалдык маанидеги товарлардын баасына мониторинг жүргүзүлдү.
26.02.2024
Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Талас мамлекеттик университетин Технология жана экономика факультетинин имаратында, мугалимдердин жана жалпы студенттердин катышуусунда семинар өткөрүлдү
28.02.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кароосунда Талас шаарынын “Таза Суу” муниципалдык ишканасынын ичүүчү суу, саркынды суу жана суу түтүктөрүнө, саркынды суу тармактарына кошулууга техникалык шарттарга кызмат көрсөтүү тарифтерин макулдашуусу каралып жатат
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кароосунда Талас шаарынын “Таза Суу” муниципалдык ишканасынын ичүүчү суу жана саркынды суу тарифтери каралып жатат.
Ошого байланыштуу Талас облустук бөлүмү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын өкүлдөрүн, керектөөчүлөрдү жана алардын коомдук бирикмелери, жалпыга маалымдоо каражаттарын, көз карандысыз эксперттерди жана табигый монополиянын субъектерин баалардын (тарифтердин) долбоорлорун ачык талкуулого 2024-жылдын 29- февралында саат 14-00 го чакырылат, дареги: Талас шаары, Бердике Баатыр көчөсү А.Огомбаев атындагы музыкалык мектебинин жыйындар залында.

