
Ош шаарында көмүр бааларына мониторинг жүргүзүлдү
25.01.2024
Түп районунда көмүргө мониторинг жүргүзүлдү
25.01.2024Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-
сентябрындагы “Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик
жөнгө салуу жөнүндө” №455 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын
Экономика жана коммерция министрлигинин 2023-жылдын 18-
октябрындагы “Кыргыз Республикасынын аймагында көмүргө болгон
бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” №133
буйругунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана
коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу
кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн 2023-жылдын 25-октябрындагы №4/28
буйругу менен Ош облусунун аймагында калкка сатылуучу көмүрдүн чекене
бааларынын максималдуу денгээли 90 календарлык күндүк мөөнөткө
белгиленди. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө максатында,
2024-жылдын 25-январь күнү Кыргыз Республикасынын Экономика жана
коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу
кызматынын төрагасынын орун басары А.А. Мамыралиев, териштирүүлөр,
монополияга каршы мыйзамдарды сактоону жана жарнаманы контролдоо
башкармалыгынын башчысы П.А. Ли жана Ош облустук бөлүмүнүн
кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары,
экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык
башкармалыгынын, мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району
боюнча башкармалыгынын, Кара-Суу райондук администрациясынын
өкүлдөрү менен биргеликте Кара-Суу районунун аймагында көмүр
сатуучуларга көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу денгээли




