
“Жарнак жөнүндө” мыйзамдын талаптары аткарылбаганы үчүн эскертме берилди.
22.01.2024
Ак-Суу районунун Теплоключенко айылында көмүргө жана социалдык жактан маанилүү товарларга мониторинг жүргүзүлдү
24.01.20242023-жылдын 22-январь күнү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмү тарабынан, Талас шаарындагы эт сатылуучу жайларда уй, жылкы жана кой этинин баасына мониторинг жүргүзүлдү.
Айрым массалык маалымат каражаттарда “Таласта эттин баасы кымбаттады” деген билдирүүлөр тараган. Мониторингдин жыйынтыгы менен аталган социалдык жактан маанилүү товардын баасы туруктуу экендиги аныкталды.
Сатуучулардын айтымында, уй, жылкы жана кой этинин баалары акыркы аптада жогорулаган эмес, жана анын жогорулоосуна себеп жоктугун баса белгилешти. Бүгүнкү күндө эттин баасы төмөндөгүдөй:
1. Жылкы эти 1 кг баасы 480 сом.
2. Уй эти 1 кг баасы 460-500 сом
3. Кой эти 1 кг 530-540 сомго чейин.
Мындан сырткары Талас шаарында мал тоюттардын (чөптүн, жем ж.б.) бааларына байкоолор жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы менен жемдердин баасында өсүү жок, ал эми чөптүн баасы өткөн аптага салыштырмалуу арзандаганы байкалган. Мисалга алсак, буга чейин чөптүн түгү 380-400 сомдон сатылып келсе, бүгүнкү күнү 350-380 сомдон сатып алууга болот.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмү тарабынан социалдык маанилүү товарлардын бааларына үзгүлтүксүз байкоолор жасалып, ал менен бирге ишкерлерге бааларды негизсиз өсүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иш-чаралар жүргүзүлүп келет.




