
Ош облусунун көмүр бааларына мониторинг жүргүзүлдү
17.01.2024
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмү, 2024-жылдын 17-январь айында Каракол шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-октябрындагы № 133 токтомун аткаруу максатында, Каракол шаарындагы көмүр сатуучу жайларында мониторинг жүргүзүлдү.
Маниторингдин жыйынтыгында жергиликтүү көмүрдүн баалары бир тоннасы 6500 сомдон бекитилген болсо, бүгүнкү күндө бир тоннасы 6000 сомдон, ал эми, импорттолгон көмүрлөрдүн бир тоннасы 8500-8800 сомго чейин сатылып жатат. Ошонун менен бирге көмүрдүн камдык көлөмү жетишээрлик денгээлде.
Ошондой эле, азык-түлүк жана ун сатуучу дүкөндөрдө жергиликтүү ундун жана Казакстан республикасынан келген ундардын баалары туруктуу.
Өсүмдүк майлары 103 сомдон 175 сомго чейин жана кумшекер 70 сомдон 80 сомго чейин сатылууда.



