
Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Баткен шаарынын базарларында социалдык маанидеги товарлардын баасына мониторинг жүргүзүлдү
16.01.2024
Ош Облусунун Кара-Суу районунун үй-бүлөлүк медицина борбору тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү медициналык кызматтардын тарифтеринин прейскуранты макулдашылды.
16.01.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министирлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү тарабынан Ош шаарындагы “Ош маркет” соода жайына эскертме берилди.
Тактап айтканда, кызматтын электрондук даарегине “Ош маркет” соода дүкөнүндө товардын бетиндеги баасы (ценник) кассадагы баа менен айырмачылык болуп кымбат сатылгандыгы жөнүндө жарандан кайрылуу болгон. Ош шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан арызды объективдүү жана ар тараптуу кароо үчүн жеринде териштирүүлөр жүргүзүлдү жана дүкөндүн кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө” мыйзамдын талаптары түшүндүрүлдү. Арыздануучунун талаптары толук аткарылды жана “Ош маркет” соода дүкөнүнө Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө” мыйзамдын талаптарын бүзгандыгы үчүн эскертме берилди.




