
Талас шаарында жайгашкан көмүр отуну сатылуучу жайларга мониторинг жүргүзүлдү
08.01.2024
Жалал-Абад облустун Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда көмүрдүн бааларына мониторинг жүргүзүштү
09.01.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн 2023-жылдын 25-октябрындагы №12 буйругуна ылайык Баткен облусунун аймагында калкка сатылуучу көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу денгээли 90 календарлык күндүк мөөнөткө белгиленген.
2024-жылдын 09-январында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, Баткен шаардык мэриянын өкүлдөрү менен биргеликте Баткен шаарындагы көмүр сатуу түйүндөрүнө мониторинг жүргүздү.
Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө Сүлүктү көмүрүнүн “БР” маркасынын максималдуу деңгээли ээленгени 1кг – 9,50 сомдон, ээленбегени 1 тн. – 9 000 сомдон, ал эми “БК” маркасынын ээленгени 1 кг. -11,0 сомдон белгиленгени жөнүндө маалыматтар айтылып, көмүр сатуучу ишкерлерге кышкы жылуулук берүү мезгилинде көмүрдүн мамлекеттик белгиленген баасында туруктуу кармоо жана негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Андан сырткары биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө нан) жана тандыр нандын бааларына да мониторинг жүргүзүлдү.
Учурда 415-430 гр. бөлкө нан чекене баада 25 сомдон, тандыр нандар салмагына жараша чекене баада 220-260 гр. 20 сомдон, 294-295 гр. 30 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталды. Түшүндүрүү иш чаранын негизинде 8 жеке ишкерлерге белгиленген баадан жогорулатып сатпоо боюнча эскертүүлөр берилди.





