

Ош облусунун Өзгөн шаарында нан бааларына мониторинг жүргүзүлдү
21.12.2023Тик ток соцтармагында Ош шаарында “Миллион” супермаркетинде нандын баасы кымбат деген маалымат жарыяланган. Ош шаары боюнеча бөлүмдүн кызматкерлери ыкчам чара көрүү максатында 2023-жылдын 19-декабрь күнү Ош шаарынын Абдыкадыров көчөсү, 172а дарегинде жайгашкан “Миллион” супермаркетине мониторинг жүргүзүштү. Мониторингдин жүрүшүндө 290гр салмактагы тандыр наны 32 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталды.
Тактап айтканда, белгиленген баадан 3 сомго жогору сатылып жаткан.
Ош шары боюнча бөлүмдүн 2023-жылдын 9-октябрындагы “Ош шаары боюнча 90 календардык күнгө 1-сорттогу буудай унунан жасалган нандын (бөлкө нан), нан азыктарынын (тандыр нан) чекене бааларынын максималдуу децгээлин белгилөө жөнүндө” №9 сандуу буйруктун талабы боюнча 290 грамм салмактагы тандыр наны – 29 сомдон сатылуусу зарыл.
Буйруктун талаптарын аткарбагындыгы үчүн “Миллион” супермаркетинин ээсине Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 290-беренесинин 1-пунктуна ылайык 3000 (үч миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.





