
Ош облусунун Араван районунда көмүр бааларына мониторинг жүргүзүлдү
14.12.2023
Талас облусунун Талас шаарында нан жана көмүр бааларына мониторинг жүргүзүлдү
15.12.20232023-жылдын 14-декабрь күнү Ош шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери Ош шаарындагы нан бышырган жайда (навайкана) 1-сорттогу буудай унунан жасалган 290 грамм тандыр нанын дүң баада 30 сомдон сатылып жаткандыгы аныктаган.
Тактап айтканда, белгиленген баадан 4,19 сомго жогору сатылып жаткан.Ош шаардык бөлүмүнүн 2023-жылдын 9-октябрындагы “Ош шаары боюнча 90 календардык күнгө 1-сорттогу буудай унунан жасалган нандын (бөлкө нан), нан азыктарынын (тандыр нан) чекене бааларынын максималдуу децгээлин белгилөө жөнүндө” №9 сандуу буйруктун талабы боюнча 290 грамм салмактагы тандыр нандын дүң баасы–25,81 сомдон сатылуусу зарыл.
Буйруктун талаптарын аткарбагындыгы үчүн М.М. Мирзахакимовго Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 290-беренесинин 1-пунктуна ылайык жеке жак катары 3000 (үч миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.



