
Ош облусунун Кара-Кулжа районунда көмүр бааларына мониторинг жүргүзүлдү
07.12.2023
Ош облусунун Өзгөн районунда көмүр бааларына мониторинг жүргүзүлдү
07.12.2023Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8сентябрындагы “Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” №455 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2023-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын аймагында көмүргө болгон бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” №133 буйругунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн 2023-жылдын 25-октябрындагы №4/28 буйругу менен Ош облусунун аймагында калкка сатылуучу көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу денгээли 90 календарлык күндүк мөөнөткө белгиленди. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө максатында, 2023жылдын 1-декабрь күнү Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары З.Тургунбаев, мамлекеттик салык кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгынын, Ош ОИИБы боюнча ЖКККБнын Ноокат районунун, Ноокат райондук администрациясынын жана айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрү менен биргеликте Ноокат районунун аймагында көмүр сатуучуларга көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу денгээли белгиленгендиги жөнүндө
буйрук менен тааныштырып, буйруктун аткарылышы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө Ноокат районунун аймагында көмүрдүн максималдуу деңгээли электен өткөнү 1кг 7,4 сомдон, эленбеген түрү 1 тоннасы 6500 сомдон белгиленгени жөнүндө маалымат берилип, бааны көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү жана белгиленген көмүрдүн баасы жөнүндө маалыматтар илинди.
Андан сырткары, 1 көмүр сатуучу жайга белгиленген баадан жогору сатып жаткандыгы үчүн 3000 сом айып пул, ал эми 2 көмүр сатуучу жайга белгиленген көмүрдүн баасы жөнүндө маалыматтын жоктугу (илбегендиги) үчүн 1000 сомдон айып пулдар салынды.




