
Кызматтын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлктүн жана райондук мамлекеттик администрация кызматкерлери менен биргеликте Чүй облусунда көмүргө болгон белгиленген максималдуу чекене бааларына мониторинг жүргүзүштү
15.11.2023
Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан акы алып кызмат көрсөтүүнүн баасын макулдашуу жөнүндө
15.11.2023Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы “Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” №455 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2023-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын аймагында көмүргө болгон бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” №133 буйругунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн 2023-жылдын 25-октябрындагы №4/28 буйругу менен Ош облусунун аймагында калкка сатылуучу көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу денгээли 90 календарлык күндүк мөөнөткө белгиленди.
Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө максатында, 2023-жылдын 14-ноябрь күнү Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары З.Тургунбаев, Мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Кара-Кулжа жана Өзгөн райондору боюнча башкармалыктарынын башчысы, Ош ОИИБы боюнча ЖКККБнын Кара-Кулжа районунун башчысы, Кара-Кулжа жана Өзгөн райондук администрациясынын жана айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрү менен биргеликте Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунун аймагында көмүр сатуучуларга көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу денгээли белгиленгендиги жөнүндө буйрук менен тааныштырып, буйруктун аткарылышы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө Кара-Кулжа районунун аймагында көмүрдүн максималдуу деңгээли электен өткөнү 1кг 7,4 сомдон, эленбеген түрү 1 тоннасы 6500 сомдон, ал эми Өзгөн районунун аймагында көмүрдүн максималдуу деңгээли электен өткөнү 1кг 7,3 сомдон, эленбеген түрү 1 тоннасы 6500 сомдон белгиленгени жөнүндө маалымат берилип, бааны көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү жана белгиленген көмүрдүн баасы жөнүндө маалыматтар илинди.






