
Баткен шаарындагы социалдык жактан маанидеги товарлардын баасына мониторинг жүргүзүлдү
12.10.2023
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмү тарабынан Каракол шаарында нан жана нан азыктарынын бааларын жөнгө салуу тууралу жүргүзүлгөн иштер
12.10.2023Ош шаарынын мэриясы тарабынан түзүлгөн жумушчу топ өз ишин баштады. Тагыраагы 2023-жылдын 12-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн адистери, Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жана салык кызматынын кызматкерлери менен биргеликтеОш шаарынын Амир-Темур муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан нан бышыруучу жайларда (навайкана) жана нан сатылуучу жайларда 1-сорттогу буудай унунан жасалган нан азыктарына, тандыр нан, бөлкө нандын бааларына мониторинг жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө бөлкө нандын максималдуу деңгээли 1 кг. дүң баасы 56,5 сомдон, чекене баасын 65,0 сом, нан азыктарына (тандыр нан) дүң баасы 89,0 сом жана чекене баалары 100,0 сомдон белгиленгени жөнүндө маалыматтар айтылып, бааны көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жогорудагыдай иш-чаралар шаардын калган 6 муниципалдык аймактык башкармалыктарында да белгиленген графике ылайык жүргүзүлүп турмакчы.




