Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш чаралардын планын аткаруу үчүн, Териштирүүлөр, монополияга каршы мыйзамдарды сактоону жанажарнаманы контролдоо башкармалыгы борбордук аппаратынын акы төлөмө кызмат көрсөткөн аткаруу бийлиги органдарын, алардын түзүмдүк бөлүмдөрүн жана мекемелерин текшерүүнүн 2023-жылдын 4 кварталынын Планын отчету
29.09.2023
1-октябрь карылардын эл аралык күнү.
29.09.2023Акыркы күндөрү Кыргызстандын аймагында ошону менен катар Ош шаарыбызда унга жана нанга болгон баа өсүп, калкыбыз тарабынан нааразычылык күчөгөндүгү байкалды. Мындай терс көрүнүштөрдү болтурбоо жана алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан тапшырмалар берилген. Аталган тапшырмаларды аткаруу максатында Кызматтын төрагасы А.Мамыралиев жумуш сапары менен Ош шаарына келип, шаардагы “Агровес” ЖЧК, “Мариям” ЖЧК ун өндүрүүчү ишканаларында жана базарлардагы кырдаал менен жеринде таанышып чыкты. Бул иш-чаранын жүрүшүндө төмөндөгүлөр аныкталды.
Жергиликтүү ундун 1-сорту 1500 сомдон 1900 сомго чейин, импорттук ун (Казакстан) 2400 сомдон 2900 сомго чейин сатылып жаткандыгы. Негизинен жергиликткүү ундарга болгон баа өскөн эмес, ал эми импорттук ундар 500 сомдон 1000 сомго чеийн өскөн. Ошону менен катар нанга болгон баа 5 сомго чейин жогорулаган. Тактап айтканда 25 сомдон 30 сомго чейин өскөн. Нандын баасынын өсүүсүнүн негизги фактору болуп жергиликтүү нан бышыруучулар импорттук унду колдоноору менен байланыштырды. Нан бышыруучулардын айтымында жергиликтүү ундан сапатсыз нан болуп, тандырга жапканда түшүп калат деген жүйөлөрдү белгилешти.
Жогорудагылардын негизинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министирлигинемкараштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү Ош шаарындагы “Агровест” ун өндүрүүчү иш канадан 1 кап “Тулпар” унун алып, навайканада эксперимент кылып жаптырып көрдү Жыйынтыгында импорттук ундан сапаты жагынан да башка жагынан да эч айырмаланбаган нан бышкандыгына күбө болдук. Биз тарабынан эсептелип чыккан эсепеке ылайык жергиликтүү ундан жасалган нандын импорт унунан жасалган нанадан айырмасы 3,5 сомду түздү.
2023-жылдын 28-сентябрында Ош шаарынын мэриясынын залында Вице-мэр З.Юсуповтун жетекчилиги астында калктын экономикалык абалына терс таасирин тийгизбөө, социалдык жактан аялуу катмарын баалардын негизсиз, кымбат баадан коргоо жана жергиликтүү ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында Ош шаарындагы нан бышыруучу ишкерлердин катышуусунда жергиликтүү унга өтүүлөрү боюнча жыйналыш болуп өттү.
Жыйналыштын жүрүшүндө бардык катышуучулар Кызматтын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызмтакерлери тарабынан импорттук жана жергиликтүү ундан жасалган (эксперимент) нан менен тааныштырылып. жергиликтүү жана Казакстанда өндүрүлгөн ундан жасалган нандардын айырмасы дээрлик жок экени белгиленди. Ошондой эле бир нанды жасоого кеткен чыгымдардын эсеби менен тааныштырылып, нан бышыруучу ишкерлерди . жергиликтүү унга өтүүгө сунуштар берилди. Нан өндүрүүчүлөр сыноо иретинде пайдаланып көрүп, 10 күндүн ичинде кайрадан жыйнала турган болду.





