“Шопоков шаардык жакшыртуу комбинаты” коммуналдык ишканасынын ичүүчү суу жана саркынды суу тарифтери каралат.
28.09.2023Лейлекте нан баалары боюнча жыйын өттү
29.09.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Ысык-Ата районунун Кант шаарында 1-сорттогу ундун жана көмүрдүн чекене базар бааларына мониторинг жүргүзүштү.
Кант шаарынын базарларында 1-сорттогу жергиликтүү ундун баалары 31,0 сом/кг дан 34,0 сом/кг га чейин, Казахстан унунун баасы 54,0 сом/кг дан 57,0 сом/кг га чейин сатылууда.
Ошондой эле көмүр сатуучу ишкерлер менен жолугушуу жүргүзүү менен бааны себепсиз көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Андан тышкаары импорт көмүрүн ташып келүүчү “Инновационная компания “Гефест” жоопкерчилиги чектелген коомунун Кант шаарында жайгашкан отун базасынын жетекчиси менен дагы көмүрдүн баасы жана кууру (запас) боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Жергиликтүү Кара-Кече, Беш-Сары көмүрлөрү 1 тоннасы 5700,0 сомдон, импорт көмүрү (Шабулкуль) 1 тоннасы 6000,0 сомдон сатылууда. Ишкерлердин маалыматы боюнча көмүрдүн кууру (запас) жетиштүү жана танкыстык жокко эсе.




