
Бишкек шаарында нан тартыштыгы жок, баалар туруктуу
26.09.2023
Ош шаарында нан бааларын турукташтыруу боюнча жыйын өттү
27.09.2023Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары А.А. Мамыралиев 2023-жылдын 26-сентябрь күнү Ош шаарында жумушчу сапарында болуп, Кызматтын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн адистери, Ош шаардык мэриясынын кызматкерлери менен биргеликте ун бааларына мониторинг жүргүзүштү. Мониторинг учурунда ун өндүрүүчү ишканаларда жана соода түйүндөрдүн кампаларында буудай жана ун запасы жетиштүү.
Бүгүнкү күндө Ош шаарындагы жергиликтүү ун өндүрүүчү “Агровест” ЖЧКда күнүнө 60 тонна “Тулпар” уну иштелип чыгат. Бир кап (50кг) 1-сорттогу ундун баасы 1500 сом, ал эми 2-сорттогу ундун баасы 1200 сомдон керектөөчүлөргө чектөөсүз түрдө сатылып жатат.
Андан сырткары “Мариям” ЖЧКда күнүнө 50 тонна ун өндүрүлүп 1-сорттогу ундун баасы (50 кг) 1500 сом, 2-сорттогу ун 1050 сомдон сатылууда.
Мониторингдин жүрүшүндө жогорудагы эки ун өндүрүүчү ишкананын жетекчилигине төрагасынын орун басары А.Мамыралиев тарабынан унду негизсиз көтөрбөө боюнча талаптар коюлду жана нан бышыруучу ишкерлерге жергиликтүү ундан нан жасоо сунушу берилди.
Ошондой эле “Агровест” ЖЧКнын директору Ош шаарынын аймагындагы нан бышыруучу ишканалар менен тыгыз иштей тургандыгын билдирди.










