
Токмокто ун бааларына мониторинг жүргүзүлдү
21.09.2023
Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майларга таңкыстык жок.
23.09.2023Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын эмгек жамааты 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүн белгилеп, атайын КЫРГЫЗ ТИЛИ саатын өткөрдү. Мекеменин кызматкерлери кыргыз тили майрамына карата Ч. Айтматов, Т. Сыдыкбеков, К. Жантөшев өңдүү залкар жазуучулардын чыгармаларынан көркөм окуп, кыргыз акындарынын ырларын даңазалашты.
Кызматтын жетекчиси Г. К. Асылбаева куттуктоо сөзүндө кыргыз тилдин маанилүүлүгүнө токтолуп, Кыргызстан көп улуттуу мамлекет экенин, кыргыз тили Манас эпосун жараткан улуу тил деп баса белгиледи. Эмгек жамааттын жаш адистери өздөрү даярдаган кыргыз тили боюнча патриоттук чыгармалардан көркөм айтып беришти.
Кыргыз Республикасынын Баатыры Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык юбилейине даярдык көрүү жана туулган күнүнүн 95 жылдыгына карата иш-чараларды өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 20-июнундагы № 353-т тескемесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан 2023-жылдын 18-сентябрында бекитилген жобого ылайык 2023-жылдын 23-сентябрынан 23-декабрына чейин “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгы жарыяланган.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” үч айлыгынын алкагында, алдыда өткөрө турган иш-чаралардын планын бекитти.






