“Өзгөн Таза-Суу” муниципалдык ишканасы тарабынан берилүүчү ичүүчү суунун тарифи каралат
19.09.2023Кызматтын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүү жөнүндө
20.09.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмү Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунда Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын талаптарынын сакталышы боюнча мониторинг жүргүздү. Мониторингтин жүрүшүндө мыйзамдын 5-беренесинин 3 жана 4-пунктарына туура келбеген “М” жана “А.С» ЖЧКдоруна тийиштүү жарнамалар аныкталды: Кыргыз Республикасынын аймагында жарнама мамлекеттик жана расмий тилдерде жана жарнама берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча Кыргыз Республикасында жашаган элдердин эне тилдеринде кошумча таратылат.
5-беренеси 4-пункту эгерде жарнама берүүчүлөрдүн иши лицензияланууга тийиш болсо, Кыргыз Республикасынын аймагында “иши лицензияланганын” билдирүү жетиштүү болгон радиодогу жарнаманы кошпогондо, жарнамада лицензиянын номери жана берилген датасы, ошондой эле лицензияны берген органдын аталышы көрсөтүлүшү керек.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын укук бузуулар Кодексинин 403-беренесинин негизинде “М” жана “А.С» ЖЧКдоруна баардыгы болуп 34000 сом айып пул салынды.

