Талас шаарында жарнама боюнча мониторинг жүргүзүлдү
14.09.2023“Өзгөн Таза-Суу” муниципалдык ишканасы тарабынан берилүүчү ичүүчү суунун тарифи каралат
19.09.2023 Ош шаары бөлүмү 2023-жылдын 13-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош облустук башкармалыгында республиканын аймактарында QR-коддорду колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өнүктүрүү боюнча жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Ош обласундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү,, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын жана Жаш ишкерлер ассоциациясы (ЖИА) өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун алкагында Ош шаарында QR-коддун жайылтылышына, калкка маалымат жеткирүү жана финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнүн зарылдыгы белгиленди. Жолугушуунун жыйынтыгында Улуттук банк тарабынан катышуучуларга QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмалары тууралуу маалыматтык баракчалар таратылды.



