Таласка Кара-Кеченин көмүрү жеткирилди
12.09.202312.09.2023
Талас облусунун, Талас шаарынын социалдык отун базасына 2023-жылдын 8-сентябрь күнү “Бакубат-Талас” фондунан атайын акча каражаты бөлүнүп, облус калкынын аярлуу катмары үчүн 300 тонна “Кара-Кече” көмүрү ташылып келип, учурда тоннасы 5600 сомдон сатылууда.
Калктын аялуу катмарына көмүр жеткирүү демилгесин Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Н. Дарданов колго алып, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2023-2024-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” №220 токтомун жүзөгө ашыруу максатында ишке ашты.





