
15.08.2023
21.08.2023
Келе жаткан жылытуу мезгилине даярдык көрүү жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү жана максатында 2023-жылдын 18-августунда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын аянтчасында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» ишканасынын өкүлдөрү менен жумушчу кеңешме өткөрүлдү..
Жыйында “Кыргызкөмүр” МИ тарабынан керектөөчүлөрдү көмүр менен камсыздоо, көйгөйлүү маселелер жана аларды чечүү жолдору талкууланды.
Отурумдун жыйынтыгы боюнча Кызмат тарабынан мамлекеттик органдарга жана Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө тиешелүү сунуштар жөнөтүлдү.


