
Социалдык жактан маанилүү товарларга мониторинг жүргүзүү жөнүндө
08.08.2023
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмү “Гөлөгөн-Суу” муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын прейскурантын макулдашты
09.08.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн имаратында 2023-жылдын 7-август күнү “Ошшаарсууканал” МИнын ичүүчү суу жана саркынды суу тарифтери талкууланды. Бул иш- чарага аталган иш кананын жетекчилиги, абоненттер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы жана Кызматтын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери катышты. Талкуунун жүрүшүндө монополияга каршы жаатында аталган иш кананын ишмердүүлүгү боюнча маалыматтар алынып, керектөөчүлөрдүн укуктары сакталуулары боюнча талаптар койулду. Ошондой эле ичүүчү сууну керектөөчүлөргө жеткирүүдө бир топ зыян тартып атышкандыгы боюнча да маалыматтар угулду.
Жыйынтыгында ичүүчү сууга болгон тарифтердин эсептик материалдары Кызматтын Ош шаары боюнча бөлүмү тарабынан кайрадан каралып чыга турган болду.

