
Сокулукта соода түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүлдү
10.07.2023
Ташкентте Эл аралык деңгээлдеги конференция өттү
11.07.2023Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Нарын облусунун Ак-Талаа районунун базарларында жана соода түйүндөрүндө социалдык маанидеги товарлардын баасына мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө ишкерлерге Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө» жана «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамдарынын сакталышы боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө социалдык маанидеги товарларга баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча ишкерлерге түшүндүрүлдү.
Учурда базардагы ишкерлердин билдирүүлөрүнө ылайык, товарларды жеткирүү үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат, товарлардын тартыштыгы жок, калк арасында ажиотаждуу ашыкча суроо-талап жок.










