
Ысык-Көл аймагында мониторинг жүргүзүлдү
29.06.2023
Нарында социалдык маанидеги товарлардын баасына мониторинг жүргүзүлдү
30.06.2023Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы №83
токтому менен бекитилген “Мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу чарбакер
субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды
(тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, 2023-жылдын 29-
июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине
караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын аянтчасында
“Кыргызтелеком” ААК тарабынан көрсөтүлүүчү “телефон үчүн абоненттик төлөм”
кызматтарына тарифтердин долбооруна ачык талкуу өткөрүлдү.
Талкууга министрликтердин, ведомстволордун, табигый монополия
субъекттеринин жана ЖМКнын өкүлдөрү катышты.
Талкуунун жүрүшүндө колдонуудагы тарифтердин өзгөрүүсүнүн себептери
жөнүндө кеңири маалымат жана көрсөтүлгөн кызматтын өздүк наркын түзгөн
чыгымдардын негизги беренелери боюнча толук маалымат берилди.
Катышуучулар тарабынан талкуу учурунда айтылган сунуштар эске
алынды.






