
Ысык-Көл облусунда өткөрүлгөн иш-чаралар боюнча маалымат
26.06.2023
Борбор калаадагы ичүүчү суу көйгөйүнүн Ош шаарында алдын алуу, кайталанбоосу боюнча ичүүчү суудагы кырдаалды изилдөө жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында 2023-жылдын 23-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн башчысы Э.Мажитов «Ош шаарсууканал» муниципалдык ишканасынын жетекчилиги менен жумушчу жыйынын өткөрдү. Отурумда “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” жана “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында, калкты ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуудагы жүргүзүлүп жаткан иш аракеттер боюнча маалымат алынды. «Ош шаарсууканал» МИ таза суу берүүдө көйгөйлөр жок экендигин билдирди. Тагыраагы калааны таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу долбоору үч этап менен ишке ашууда. Биринчи этабында Данги участкасында, Төлөйкөн айылындагы каналдан баштап Озгур айылындагы “Ош шаардык суу канал” ишканасынын суу тосмосуна чейинки аралыкка түтүк тартылды. Анын жалпы узундугу 475 метр, диаметри 1 000 миллиметр. Экинчи этаптын алкагында ар бири 6000 метр куб болгон 4 резервуарды курулушу жүрүүдө. Ал эми үчүнчү баскычта Азия өнүктүрүү банкынын долбооруна ылайык, Папан суу сактагычынан суу түтүгүн тартуу иштери жүзөгө ашырылмакчы.




