
КР «Жарнак жөнүндө» мыйзамын бузгандыгы үчүн « Альфа Строй » курулуш ишканасына жана « IWI » рестораны, ошондой эле « Lingua school » билим берүү борборусуна айып салынды.
26.06.2023
Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жөнүндө
26.06.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын буйругун аткаруу максатында К.Д. Тайлакова, КР Экономика жана соода министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы Ош жана Аламүдүн базарларындагы социалдык маанидеги товарлардын баасына мониторинг жүргүзүштү.
Өзгөчө майлардын, эт, ундун жана шекердин өздүк наркына көңүл бурулду. Ишкерлердин айтымында, келишим боюнча товарлар үзгүлтүксүз алынып келинип, азык-түлүк тартыштыгы аныкталга жок.
Бул иш-чаранын жүрүшүндө социалдык мааниге ээ товарларга баалардын негизсиз жогорулашына жол бербөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө», «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жана алардын талаптарын сактоо боюнча ишкердик субъекттерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө».
Ошол эле учурда шаардын базарларында сезондук товарлардын баасын төмөндөө тенденциясы байкалууда.


