Керектөөчүнүн арызы канааттандырылды
21.06.2023
Түп районунда полимер пленкасынан жасалган баштыктар боюнча талкуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
22.06.2023Ош шаары боюнча бөлүмүнө Ош шаарынын тургуну Т.И. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда Ош шаарынын Масалиев проспекти 50а/12 дарегинде жайгашкан “Мисс элегант” дүкөнүнө карата мурда сатып алынган 14 500 сомдук товар (көйнөк, костюм) үчүн акча каражатын кайтарып берүү боюнча өтүнүчүн билдирген.
Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесине ылайык тиешелүү иштер жүргүзүлдү.
Бөлүмдүн кызматкерлеринин кийлигишүүсүнүн негизинде Т.И. аттуу жарандын талабы канааттандырылып, 14 500 сом өлчөмүндөгү акча каражаты кайтарылып берилди.



