
Токтогул шаарында азык-түлүктөр бааларына мониторинг жүргүзүлдү
18.05.2023
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чуй облустук бөлүмү көрсөтүлгөн кызматтардын прейскуранттарын макулдашты
19.05.2023Социалдык мааниге ээ болгон товарлардын бааларынын алдын ала кымбаттоосуна жол бербөө үчүн, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери 2023-жылдын 17-майында Токмок шаарындагы ири азык-түлүк дүкөндөрүндө жана “Булак” базарында социалдык мааниге ээ болгон товарларга мониторинг жүргүзүштү. Мониторингдин жүрүшүндө азык- түлүк сатуучу жайлардын сатуучуларына социалдык мааниге ээ болгон товарлардын чекене баасын негизсиз жогорулатбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле кошумча “Атаандаштык жөнүндө” жана “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча дагы иштер жүргүзүлдү. Белгилей кетсек, социалдык маанидеги товарлардын баалары озгорулбогондугу байкалды.






