
2022-жылдын 17-октябрында Нарын райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчилери менен мамлекеттик акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын прейскурантын макулдашуу боюнча тегерек стол өткөрүлдү
13.12.2022
Ош облусунун Араван районунда социалдык маанидеги товарларга баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү
13.12.20222022-жылдын 31-мартында керектөөчүлөрдүн анык эмес чөйрөсүнүн укуктарын коргоо максатында, ошондой эле “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин талаптарын аткаруу максатында, Ош облустук бөлүмү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери менен биргеликте Ош облусунун Араван районунун аймагында жайгашкан соода жана тейлөө ишканаларында POS-терминалдардын болушуна мониторинг жүргүздү (төлөө тартиби банктык төлөм карттарын алуу жана тейлөө үчүн Кыргыз Республикасынын төлөм системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жабдууларды (программалык-аппараттык түзүлүштү), электрондук акчаны колдонуу менен накталай эмес формада товарларга (иштерге, кызматкөрсөтүүлөргө) төлөө.
Мониторингдин жыйынтыгы менен 8 мекеменин жетекчилерине (дүкөндөр, дарыканалар, сулуулуксалондору, ашканалар, май куюучу жайлар, медициналык пункттар) POS-терминалдарды орнотуу боюнча эскертмелер берилди.



