КМШ мамлекеттеринин монополияга каршы мыйзамдарын бузууларды бирдиктүү аныктоо (тергөө) Штабынын (мындан ары –Штаб) 38-отуруму болуп өттү
23.04.20212021-жылдын 18-19-майында рынокту – атаандаштыкты жана укук колдонууну коргоонун негизги кыймылдаткыч күчү катары үйрөнүү боюнча Венгриянын (RCC) атаандаштык боюнча аймактык борборунун эл аралык виртуалдуу семинары онлайн шарттамда болуп өттү
21.05.2021Аталган отурумда Россия Федерациясынын, Беларус Республикасынын, Казак Республикасынын, Армения Республикасынын, Өзбек Республикасынын, Молдова Республикасынын, Тажикистан Республикасынын, Азербайжан Республикасынын атаандаштуу мекемелеринин жетекчилери жана өкүлдөрү, Евразиялык экономикалык комиссиянын өкүлдөрү катышышты. Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттер аралык кеңештин отурумунда Мамагенттиктин атынан директор Тайлаков Кеңешбай Доскулович, жарнама, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, ак ниет эмес атаандаштык жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Алыкулова Н.А., жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын башчысы Маматоморов С.А., атаандаш чөйрөлөрдү талдоо жана ЕЭК менен өз ара аракеттешүү бөлүмүнүн башчысы Шустикова Л.Ю., жарнама, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, ак ниет эмес атаандаштык жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башкы адиси Турдубаева Г.К. жана жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын жетектөөчү адиси Нурманбетов С.Н. катышышты. Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттер аралык кеңештин 52-отурумунда Мамагенттиктин директору Тайлаков Кеңешбай Доскулович “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк рыногундагы, ошондой эле КММ жана авиаташуулар рыногундагы кырдаал” темасы боюнча доклады менен чыгып сүйлөдү. Директор өз докладында монополияга каршы орган тарабынан товар рыногундагы атаандаш чөйрөнү талдоолор жүргүзүлүп жаткандыгын, алардын жыйынтыгы боюнча белгилүү бир чаралар, анын ичинде өтө тез темпте өсүп жаткан бааларды токтотуу үчүн алдын алуучу мүнөздөгү иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи. Монополияга каршы органдын үзгүлтүксүз көңүл борборунда азык-түлүк, КММ рыноктору ж.б. болуп келген жана мындан ары дагы көзөмөлдөнө берет. Монополияга каршы орган тарабынан өз компетенциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамына ылайык үзгүлтүксүз негизде алдын-алуучу мүнөзгө ээ чаралар жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди: – жума сайын социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүлүп турат; – базарлардын жана соода түйүндөрүнүн сатуучулары, азык-түлүк товарларын жеткирүүчүлөр арасында баалардын негизсиз көтөрүлүшүн болтурбоо боюнча масштабдуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө; – аналитикалык иш, анын ичинде башка өлкөлөрдүн тажрыйбалары жана аларды биздин республикада колдонуунун мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу жүргүзүлүүдө; – үзгүлтүксүз негизде социалдык маанилүү товарлардын жеткирүүчүлөрү, соода түйүндөрү, ассоциациялар менен жолугушуулар өткөрүлүп турат. Ошондой эле, монополияга каршы органдын директору К.Д.Тайлаков авиабилеттердин баасынын сезлиээрлик кымбаттоосу боюнча көйгөйдүн маанилүүлүгүн айтып өттү. Акыркы айларда кыргызстандыктарда авиаучууга, айрыкча Россияга учуу талабы кескин өсүп кеткен. Бишкек-Москва билетинин баасы Москва-Бишкек багытына караганда бир топ кымбат турат. Россия багыты боюнча баалардын өсүү себеби COVID-19 илдетинин жыйынтыгында келип чыккан, өзгөчө үзгүлтүксүз авиакаттамдардын кыскаруусу жана Россия тарабынан чартердик каттамдар үчүн учуунун жаңы эрежелеринин киргизилиши болуп саналат. Эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдарынын үзгүлтүксүз каттамдарынын санын көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткандыгына карабастан, ушул убакытка чейин макулдашуу түзүлө элек. К.Д.Тайлаков түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын монополияга каршы органы Россиянын Федералдык Монополияга каршы кызматына кат жөнөткөнүн белгиледи. МКСМАК отурумунун алкагында монополияга каршы органдын директору К.Д. Тайлаков дагы бир жолу Россиянын Федералдык Монополияга каршы кызматынын жетекчиси М.А. Шаскольскийге маселени монополияга каршы органдын компетенциясынын чегинде кароо жана Биргелешип тергөө штабынын алкагында аба транспорту рыногун изилдөөнү сунуштады. Жыйынтыгында директор Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу майларга карата болгонн баанын деңгээли көйгөйүн айтты. 2021-жылдын январь-март айларында Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунун сатуу баалары бензинге жана дизелдик күйүүчү майга кымбаттады, бул төмөнкүлөргө байланыштуу: – 2020-жылы дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу өндүрүштүн көлөмүнүн азайышы жана маржанын 2011-жылдын деңгээлине чейин төмөндөшү; – жазгы талаа иштери башталганга чейин Россия Федерациясында мунай заттарына суроо-талаптын өсүшү; – Россияда бензинге, дизель майына, мотор майларына жана орто дистилляттарга акциздик салыктардын инфляциянын деңгээлине чейин көбөйүшү. Монополияга каршы орган баалардын өсүшүнүн объективдүү факторлоруна карабастан, республиканын мунай сатуучуларына күйүүчү-майлоочу материалдардын баасынын кескин көтөрүлүп кетишинин алдын алууга багытталган чараларды өз убагында көрүүнү жана баа түзүүдө чектөөчү факторлорду колдонууну сунуш кылды. Мындан тышкары, Кыргызстандын нефтетрейдерлери Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдору менен улуттук валютада эмес, АКШ долларында келишим түзүшөт. Улуттук валюталардын долларга карата курсунун олку-солку болушу көбүнчө баага, акыры, керектөөчүлөргө терс таасирин тийгизет. Мындай кырдаал күйүүчү-майлоочу майлар үчүн гана эмес, башка көптөгөн товарлар үчүн да түзүлүүдө. Буга байланыштуу, директор Тайлаков К.Д. доллардын курсунун жогорулашынан улам баанын кошумча өсүшүн болтурбай турган Россиянын мунай заттарын жеткирүү келишимдери боюнча өз ара эсептешүүлөрдү улуттук валютада жүргүзүүнү сунуш кылды.
Мындан сырткары, МКСМАКтын отурумунун күн тартибинде төмөндөгү маселелер талкууланды:
1. Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттер аралык кеңештин 51-отурумунда кабыл алынган чечимдердин аткарылышы жөнүндө.
2. Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин 30 жылдыгына арналган маселелер жөнүндө.
3. Россия Федерациясынын, Беларус Республикасынын жана Казак Республикасынын COVID-19 пандемиясынын шартында социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына карата бааларды стабилдештирүү боюнча практикалык тажрыйба тууралуу.
4. Мамлекеттик сатып алуу процессинде көмүскө бүтүмдөрдү ачуу жана аларды жоюу боюнча чаралар жөнүндө.
5. Эл аралык аянтчада сунуштоо үчүн эл аралык атаандаштуу саясат маселелери боюнча КМШга мүчө-мамлекеттердин монополияга каршы органдарынын макулдашылган позициясын иштеп чыгуу тууралуу.
6. «Россиянын Федералдык монополияга каршы кызматынын окуу-усулдук борбору” кошумча кесиптик билим берүүнүн федералдык мамлекеттик автономдуу мекемеси” базалык мекемесинин иши тууралуу отчету (Казань ш.).
7. КМШга мүчө-мамлекеттердин монополияга каршы мыйзамдарын бузууну биргелешип териштирүү боюнча штабынын иши тууралуу.
8. COVID-19 дарылоо үчүн «Ремдисивир» препаратын өндүрүүгө “күч менен лицензиялоо” механизмин колдонуу жөнүндө.
9. 2000-жылдын 12-июлундагы МКСМАКтын регламентине ылайык МКСМАКтын катчылыгына КМШга мүчө-мамлекеттердин монополияга каршы органдарынан МКСМАКка расмий мүчөлөрү тууралуу маалыматты сунуштоо жөнүндө.
10. Мамлекет башчыларынын Кенешине, Өкмөт башчыларынын кеңешине жана КМШнын экономикалык кеңешине кароого иштеп чыгуу жана киргизүү мүмкүндүгүнө сунушталган документтер тууралуу.

