2021-жылдын 25-мартында Евразиялык экономикалык бирликке мүчө-мамлекеттердин монополияга каршы органдарынын жетекчилеринин жана атаандаштык, монополияга каршы жөнгө салуу боюнча Коллегиянын мүчөсү (Министр) А.А.Шаккалиевдин катышуусунда кеңешме болуп өттү
25.03.20212021-жылдын 23-апрелинде видеоконференция форматында Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттер аралык кеңештин 52-отуруму болуп өттү
26.04.20212021-жылдын 22-апрелинде Мамагенттиктин жыйындар залында КМШ мамлекеттеринин монополияга каршы мыйзамдарын бузууларды бирдиктүү аныктоо (тергөө) Штабынын (мындан ары –Штаб) 38-отуруму болуп өттү. Аталган жыйында Россия Федерациясынын, Беларусь, Казакстан, Армения, Өзбекистан, Молдова, Тажикистан, Азербайджан Республикаларынын атаандаштык мекемелеринин жана Евразиялык экономикалык комиссиясынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышышты. КМШ мамлекеттеринин монополияга каршы мыйзамдарын бузууларды бирдиктүү аныктоо (тергөө) Штабынын 38-отурумунда Мамагенттиктин төмөнкү кызматкерлери катышты: Жарнама, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, ак ниет эмес атаандаштык жана эл аралык кызматташуу башкармалыгынын башкы адистери-Калмуратова З. Т., Турдубаева Г.К., атаандаштык чөйрөсүн талдоо жана ЕЭК менен өз ара кызматташуу бөлүмүнүн башкы адиси -Эстебесова Ж.Т., жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын жетектөөчү адиси-Нурманбетов С. Н.
Отурумдун күн тартибинин алкагында кийинки маселелер талкууланды:
1.Интернет-соодасы жана электрондук коммерцияны өнүктүрүү шартындагы товар, жумуш жана кызматтар үчүн төлөмдөрдүн жаңы механизмдери боюнча обзорду даярдоо боюнча Штабдын ишинин жүрүшү жөнүндө.
2.«Биржа соодасы» боюнча маалыматты даярдоо боюнча ишинин жүрүшү тууралуу.
3.Монополияга каршы саясат боюнча жүргүзүү мамлекеттер аралык кеңешинин ишмердүүлүгү жөнүндө докладдын даярдоо боюнча.
4. Штабдын иши туурулуу Штабдын жакынкы келечектеги ишмердүүлүгүнүн тууралуу актуалдуу багыттары.

