30-октябрда Ош шаарында Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча коомдук кабыл алуу көчмө жыйыны болуп өттү
01.11.20192019-жылдын 13-14-ноябрында Өзбекистан Республикасынын Ташкент шаарында “Климаттын өзгөрүшүнүн контекстинде Борбор Азиядагы ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү” аталышындагы Борбор Азия конференциясы болуп өттү.
19.11.2019Аймактык борбор тарабынан Атаандаштык боюнча Венгриянын Будапешт шаарында уюштурулган 2019-жылдын 22-24-октябрь аралыгында болуп өткөн семинарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктин эки кызматкери катышып келди. Будапешт шаарында “Атаандаштык менен байланышкан иштерди териштирүүдөгү түзөтүүчү чаралар жана милдеттенмелер” темасы боюнча семинар болуп өттү. Семинардын жүрүшүндө Венгриянын, Улуу Британиянын, Франциянын, Германиянын жана Грециянын эксперттери атаандаштык жаатында өздөрүнүн көндүмдөрү менен бөлүшүштү. Рынокто кошулуу/аралашуу жана үстөмдүк кылуучу абалды кыянаттык менен пайдалануу жөнүндөгү иштерди иликтөөдө, атаандаштык менен байланышкан маселелерди чечүүнүн алгылыктуу ыкмасы катары оңдоп-түзөөчү чаралар жана милдеттенмелер көбүнчө проблемаларды чечүүнүн алгылыктуу варианты катары чыгып турганы жөнүндө айтып беришти. Семинарда түзүмдүк жана жүрүм-турумду түзөтүүчү чаралар жана чет элдик компаниялардын мисалында милдеттенмелер жөнүндө маселелер каралды. Ошондой эле, түзүмдүк оңдоп-түзөөчү чараларды кабыл алуу мүмкүн болбогон учурда, адекваттуу чечим кандай боло тургандыгы жөнүндө жана алардын аткарылышын контролдоо кыйын болгон жана аткарууну камсыз кылуу кыйын болгон жүрүм-турумдук чараларга баалардын деңгээлин чектөөнү алдын алууга боло тургандыгы тууралуу бир катар маселелер каралды.

