30.06.2025
Ысык-Көл облусунда жайкы мезгилде сүттү кайра иштетүүчү заводдор тарабынан сатып алынуучу 3,4% базалык майлуулуктагы чийки сүттүн базалык баалары белгиленди
Кызматтын Ысык-Көл облустук бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-декабрындагы №724 “Чийки сүттүн базалык баасын белгилөө жөнүндө” токтомун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы №83 токтому менен бекитилген «Мамлекет жѳнгѳ салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык, ошондой эле Ысык-Көл облусунун ведомстволор аралык комиссия карап чыгып сунуштаган эсептик […]
26.06.2025
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын кызматкерлери кибергигиенанын жана киберкоопсуздуктун негиздери менен таанышышты
2025-жылдын 26-июнунда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Муратбек Иманкулов баштаган кызматкерлери үчүн «Мамлекеттик кызматкерлер үчүн кибергигиена жана киберкоопсуздук негиздери» темасында онлайн-тренинг өттү. Тренингдин модератору Мадина Джолдошбаева, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин киберкоопсуздук жана электрондук кол тамга бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, кибергигиена деген эмне экенин, эрежелердин жана практикалардын топтому өзүн, жумушчу түзүлүштөрүн кибер коркунучтардан коргоого, көптөгөн […]
23.06.2025
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматында өзгөчөлөнгөн кызматкерлерди сыйлоо болуп өттү
2025-жылдын 23-июнунда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматында Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнүн жана Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнүн майрамдоого байланыштуу сыйлоо аземи болуп өттү. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Женалы Оразбаев кесиптештерин, мамлекеттик кызматкерлерди эмгеги жана элге кызмат кылууга берилгендиги үчүн куттуктап, ыраазычылык билдирди. Ал кызматтын ишиндеги кесипкөйлүктүн, жоопкерчиликтин жана ак ниеттүүлүктүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, сыйлангандарга мындан аркы иштерине […]
23.06.2025
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Женалы Орозбаев өлкөнүн бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт
“Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, кесиптештер, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнү менен куттуктайм! Сиздердин кесипкөйлүк, ишке берилгендик жана жоопкерчиликтүү мамиле биздин өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн негиз болуп саналат. Сиз жарандардын жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган экономикалык реформаларды ишке ашырууга түздөн-түз катышасыз. Сиздин экономиканы жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө кошкон салымыңыз зор. Сиздерге […]
10.06.2025
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына атамекендик 8 кызматтык унаа берилди
2025-жылдын 9-июнунда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына атамекендик 8 кызматтык унаа берилди. Берүүнүн жүрүшүндө Кызматтын төрагасы Женалы Орозбаев өз кызматкерлерин автопаркты жаңылоосу менен куттуктап, автопаркты модернизациялоо Кызматтын борбордук аппаратынын жана облустук бөлүмдөрүнүн алдында турган милдеттерди аткаруунун ыкчамдуулугун жана сапатын кыйла жогорулатууга, ошондой эле жер-жерлерде мобилдүүлүктү жана натыйжалуулукту жогорулатууга мүмкүндүк берерин белгиледи. Жаңы автомобилдер Кызматтын борбордук аппаратына – 3; 5: Бишкек […]