23.06.2023
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы №83 токтому менен бекитилген “Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө” жобого ылайык, 2023-жылдын 29-июнунда саат 11-00де Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын аянтчасында Бишкек шаары, Байтик Баатыр көч. 7б/1 дареги боюнча “Кыргызтелеком” ААК “телефон үчүн абоненттик төлөм” кызматынын тарифинин долбоорун ачык […]
23.06.2023
Урматтуу Мамлекеттик кызматкерлер, ардактуу кесиптештер! Бүгүн 23-июнь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнү менен баарыңыздарды чын жүрөктөн куттуктаймын. Мамлекеттик кызматкер – коомдо өзүнө жүктөлгөн милдетин так аткарган, мамлекеттин өсүп-өнүгүүсү үчүн аянбай кызмат кылган инсан экени талашсыз. Ар бир кызматкердин ак ниет дитин коюп, өз тармагында өнүгүүгө кошкон салымы –мамлекетибиздин эртеңки жаркын келечеги. Учурдан пайдаланып Сиздерге бардык ийгиликтерди каалайм. […]
21.06.2023
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына (мындан ары – Кызмат) “L.” аттуу үйлөнүү салонуна чара көрүп берүү өтүнүчү менен «А.К.С.» (мындан ары – керектөөчү) аттуу жарандын кайрылуусу келип түшкөн. Арызга ылайык, керектөөчү көйнөктү арендага алуу үчүн “L.” аттуу үйлөнүү салонуна 78 900 сом төлөгөн . Төлөмдү төлөгөндөн кийин керектөөчү “L.” аттуу үйлөнүү салону менен […]
16.06.2023
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования төрагасы Тайлаков Кеңешбай Доскулович Дүйнөлүк банктын эксперттери – Марианна Лотти, Дэвид Найт, Бакыт Дубашев менен жолугушту. Эксперттердин иш сапарынын максаты – өлкөнүн экономикалык меморандумун даярдоонун башталышы менен байланыштуу. Жолугушууда Кыргыз Республикасынын аймагында монополияга каршы мыйзамдардын аткарылышы боюнча суроолор берилип, Кызматтын функциялары жана ыйгарым укуктары талкууланды. Тайлаков К.Д. Кызматтын негизги иш багыттары болуп төмөнкүлөр […]
15.06.2023
2023-жылдын 15-июнь күнү Метрологиялык көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан жыйындар залында, Бишкек шаарындагы басмаканалардын өкүлдөрү үчүн “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин техникалык өзгөчөлүгү” аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столдун ачылышында Кызматтын орун басары А. Мамыралиев сөз сүйлөп, мамлекеттик символдорду басып чыгарууда, басмаканалар герб жана тууга жоопкерчиликтүү мамиле жасоо керектигин айтты. Метрологиялык көзөмөлдөө Башкармалыгынын башчысы А. Ахмеджанова, бүгүнкү тегерек […]





