Исаев Мухатдаст Сапарбаевич
Баткен облустук бөлүмүнүн башчысы
Баткен шаары Садыков көч. 43 тел: 0 3622 5 03 23

13.10.2023
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2023-жылдын 3-октябрындагы №129 «Кыргыз Республикасынын аймагында биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө нан), нан азыктарына (тандыр нан) бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө» буйругунун жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын (мындан ары – Кызмат) 2023-жылдын 5-октябрындагы №51 буйругун аткаруу максатында Кызматтын Жалал-Абад облустук бөлүмү тарабынан […]
12.10.2023
2023-жылдын 12-октябрь күнү Баткен облустук бөлүмдүн кызматкерлери, Баткен шаарынын мэриясынын пресс катчысы Аскар Баймуратов менен биргеликте 1-сорттогу буудай унунан жасалган нан азыктарына, тандар нан, бөлкө нандын максималдуу деңгээлин белгиленген баадан ашырбай сатуу боюнча Баткен шаарындагы нан жасоочу жана нан сатуучулардын арасында түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүштү.Нандын максималдуу деңгээли 1 кг. дүң баасы 56,5 сомдон, чекене баасын 65,0 сом, нан азыктарына (тандыр нан) […]
29.09.2023
2023-жылдын 28-сентябрь күнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын торагасынын орун басары А.А Мамыралиев, Лейлек районунун админстрациясынынын акиминин биринчи орун басары А.А. Ташбалтаев, Раззаков шаар мериясынын кызматкери Ш. Жумагулов, Баткен облустук бөлүмдүн кызматкерлери жана Раззаков шаарынын борбордук базардын айланасындагы ун сатуучу жана нан сатуучу жайларга мониторинг жүргүзүштү. Андан ары Лейлек районунун админстрациясынын кичи залында ун саткан жана нан жапкан ишкерлер […]
28.09.2023
2023-жылдын 27-сентябрь күнү Баткен шаардык мэриясынын жыйындар залында, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары А. Мамыралиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Т. Мадияров, Вице-мэр А. Орозовдун катышуусунда, нан рыногунун ишкерлери менен жыйын өттү. Жыйында Баткен шаарында нан бааларын туруктуу кармоо, бааларды негизсиз жогорулатпоо, калкты нан менен жеткиликтүү камсыз кылуу маселелери талкууланды. […]
28.09.2023
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын жыйындар залында, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары А. Мамыралиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Т. Мадияров, Кызыл-Кыя шаарынын мэри А. Маткалыковдун катышуусунда, нан рыногунун ишкерлери менен жыйын өттү. Жыйында Баткен облусунда нан бааларын туруктуу кармоо, бааларды негизсиз жогорулатпоо, калкты нан менен жеткиликтүү камсыз кылуу маселелери талкууланды. […]





