Баардык бөлүмдөрдун жаңылыктары

28.09.2023
 “Шопоков шаардык жакшыртуу комбинаты” коммуналдык ишканасынын ичүүчү суу жана саркынды суу тарифтери каралат.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кароосунда “Шопоков шаардык жакшыртуу комбинаты” коммуналдык ишканасынын ичүүчү суу жана саркынды суу тарифтери каралып жатат. Ошого байланыштуу Чүй облустук бөлүмү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын өкүлдөрүн, керектөөчүлөрдү жана алардын коомдук бирикмелери, жалпыга маалымдоо каражаттарын, көз карандысыз эксперттерди жана табигый монополиянын субъектерин баалардын (тарифтердин) долбоорлорун ачык талкуулого […]
28.09.2023
Бишкекте ун тартыштыгы жок
2023-жылдын 28-сентябрь күнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Борбордук аппаратынын жана Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери, Бишкек шаарынын аймагындагы ун өндүрүүчү ишканаларга мониторинг жүргүздү. Мониторингдин жүрүшүндө ундун баасы туруктуу экени жана баалардын өсүшү күтүлбөй турганын аныкталды.   Учурда Бишкектеги ун комбинаттарында ун тартыштыгы жок. Бардык базаларда ун жетиштүү көлөмдө бар жана ун ташып жеткирүүчүлөрдүн айтымында, ун тартыштыгы күтүлбөйт.  Монополияга каршы жөнгө […]
28.09.2023
Таласта нан баалары туруктуу
  2023-жылдын 27 -сентябрь күнү, Талас облустук бөлүмүнүн кеңсесинде, башчынын м.а. Б.Р. Токтогулов Талас шаарынын калкын нан менен камсыздоочу ишкерлер менен кеңешме өткөрдү. Эске салсак, Талас шаарындагы айрым тандырканаларда нандын баасы 25 сомдон 27 сомго башкача айтканда 2 сомго чейин жогорулаган. Жолугушунун жүрүшүндө, Талас облустук бөлүмү бүгүнкү нан баалары боюнча кырдаалды эске алуу менен, тандыр нандын бааларын туруктуу кармоого, негизсиз […]
28.09.2023
Ысык-Көл облустук бөлүмү ичүүчү суунун тарифтерин макулдашуу боюнча семинар уюштурду.
  2023-жылдын 27-сентябрында Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ичүүчү суунун тарифтерин макулдашуу боюнча семинар уюштурду.             Семинарга Ак-Суу районундагы керектөөчүлөрдү ичүүчү суу менен камсыз кылган мекемелер, ошондой эле айыл өкмөттөрүнүн, айылдык кеңештердин өкүлдөрү катышты.             Слайддарда ичүүчү суу менен камсыздоого тарифтерди белгилөө чөйрөсүндөгү мыйзамдардын нормалары жана талаптары, тарифтердин өздүк наркында чыгашалардын […]
28.09.2023
Ош облусунда ун тартыштыгы жок
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары А.А.Мамыралиев 2023-жылдын 26-сентябрь күнү Ош облусунда ун бааларынын учурдагы абалы менен таанышуу максатында иш сапарда болду. Иш сапардын алкагында, Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Ош облусунун Карасуу районунда ун өндүрүүчү “Карасуу Дан-Азык” ААКна барып, ал жердеги өндүрүлүп жаткан ундун көлөмү, баасы жана запастары боюнча […]